Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 24-ноябры № 71/10-9
“Талас шаардык автобекети” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 87-беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 11.08.2025-жылдагы “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплекстерин өткөрүп берүү жөнүндө 120-б буйругу жана Талас шаарынын мэриясынын 06.11.2025-жылдагы №01-19/4334 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Талас шаардык автобекети” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |