Редакцияот 24.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги X сессиясы

 

2025-жылдын 24-ноябры № 72/10-9

 

Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсү №57 “а” дарегинде жайгашкан 5238 чарчы метр жер имараты менен Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 03.11.2025-жылдагы №01-19/4267 чыгыш сандуу катынын негизинде,Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кенешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсү №57 “а” дарегинде жайгашкан 5238 чарчы метр жер имараты менен (“Кербен Палас” мейманканасы) Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынынтөрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков