Редакцияот 07.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 7-октябры № 18/126

Новопавловка айыл өкмөтүнө финансылык лизингге адистештирилген жабдууларды сатып алуу үчүн кредит алууга макулдук берүү жөнүндө

Новопавловка коммуналдык ишканасынын жетекчиси С.Отунчиевдин “Финансылык лизингге адистештирилген жабдууларды алуу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Новопавловка айыл өкмөтүнө 850 000 (сегиз жүз элүү миң) АКШ долларынан ашпаган адистештирилген жабдууларды Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан финансылык лизингдин мөөнөтү - 5 жыл, негизги карыз үчүн жеңилдетилген мезгил - 3 ай, пайыздык чен жылына 5% дан көп эмес шарттарда финансылык лизингге сатып алууга макулдук берилсин.

2. Новопавловка айыл өкмөтү 2022-жылдын бюджетинен зарыл болгон акча каражатын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу лизингге алынган адистештирилген техниканын наркынын 30% өлчөмүндө баштапкы төлөмдү төлөө, ошондой эле лизингге сатып алынган жабдууларды каттоого байланышкан чыгымдар үчүн жалпы суммасы 23 200 000 (жыйырма үч миллион эки жүз миң) сом бөлсүн.

3. Новопавловка айыл өкмөтүнүн жылдык бюджетин түзүүдө милдеттенмелер толук аткарылганга чейин 168 000 (бир жүз алтымыш сегиз миң) АКШ доллары өлчөмүндө, анын ичинде камсыздандыруу чыгымдарын кошкондо Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алдындагы милдеттенмелерди төлөөгө каражат каралсын.

4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. С. Мурзакматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А. Абышев