Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 2- отурумунун
2025-жылдын 29-январы № 2/16
2025-2027-жылдардагы салык мезгилинде колдонуу үчүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Мамлекеттик салык башкармалыгынын Сокулук району боюнча жергиликтүү салыктар боюнча секторунун башчысы Т.А. Добулбековдун "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, анда "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна 2025-2027-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагында жайгашкан турак жайлар жана турак жай имараттар үчүн салык ставкасы 29 (жыйырма тогуз) сом болуп бекитилсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |