Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 2- отурумунун
2025-жылдын 29-январы № 2/17
Күнтуу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2025-2027-жылдарга келечек планын бекитүү жөнүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОнун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун 2025-2027-жылдарга келечек планы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы жер, талаачылык, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ю. Иманалиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |