Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 2- отурумунун
2025-жылдын 29-январы № 2/18
Күнтуу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча
Күнтуу айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана баштапкы баасы боюнча жер, талаачылык, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ю. Иманалиевдин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОнун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө баштапкы баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Сугат айдоо жерлердин баштапкы баасы - 10 000 (он) миң сом;
- Кайрак айдоо жерлердин баштапкы баасы – 1000 (бир) миң сом;
- Чабык -100 (жүз) сом
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы жер, талаачылык, жайыт, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ю. Иманалиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |