ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 24-ноябры № 77/10-9
Талас шаарындагы Манас көчөсү №360 дарегиндеги 0,69 га жер участогуна “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” ААКсы тарабынан кошумча 5 блоктон турган көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 10.10.2025-жылдагы №01-19/3919 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Манас көчөсү №360 дарегиндеги 0,69 га жер участогуна “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” ААКсы тарабынан кошумча 5 блоктон турган көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |