Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 24-ноябры № 78/10-9
“Талас базар соода” комплексин Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тартибинин 11-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 07.11.2025-жылдагы №01-19/4365 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынынотурумунунпротоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Манас көчөсү №60 дарегинде 4759,81 чарчы метр жер участогунда жайгашкан “Талас базар соода” комплексин Талас шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүүгө мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.
2. Талас шаардык кенешинин 04.04.2019-жылдагы №195/31-7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |