Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 24-ноябры № 79/10-9
Талас шаардык кенешинин 02.07.2025-жылдагы №43/7-9 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 10.10.2025-жылдагы №01-19/3920 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Талас шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” жобосун бекитүү боюнча Талас шаардык кенешинин 02.07.2025-жылдагы №43/7-9 сандуу токтомунун 1-пунктундагы “муниципалдык мекемеге өткөрүүгө макулдук берилсин” деген сөздүн ордуна “кайра уюштуруп, мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасын өзгөртүп түзүүгө макулдук берилсин” деген сөздөргө алмаштырылып, өзгөртүлүп окулсун.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |