Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3- отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/20
Малдын шарттуу бирдигине бааларды бекитүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу “Күнтуу” муниципалдык ишанасынын жетексичи Ж.Т. Джакупбековдун, малдын шарттуу бирдигине бааларды бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап , Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдын шарттуу бирдигине баалар төмөндөгүчө бекитилсин:
- Жылкынын 1 башына – 200 сом
- Жылкы баласынын 1-башына – 100 сом
- Чон бодо малдын 1 башына – 200 сом
- Кичине бодо малдын 1 башына (торпок, музоо)– 100 сом
- Кой, эчки – 40 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Күнтуу” МИсынын жетекчиси Ж.Т. Джакупбековго тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |