Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3-отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/21
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин;
2. Жеке жана юридикалык жактар – ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:
- Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө;
- Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин;
- Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-июнга чейин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |