Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3-отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/22
Максаттуу трансфертти алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен эң көгөйлүү маселелерди иш жүзүнө ашыруу үчүн 7000,0 (жети миллион) сом акча каражатын бөлдүрүп алуу максатында Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинен көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында 7000,0 (жети миллион) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферт каражатын алууга макулдук берилсин;
2. Каржы Министрлигинен алына турган максаттуу трансферт акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүнсүн:
Бөлүм: 70629 берене 2215- 2600,0 мин сом
Бөлүм: 70921 берене 2215- 1500,0 миң сом
Бөлүм: 70921берене 2222- 500,0 миң сом
Бөлүм: 70921 берене 2224-2400,0 миң сом
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |