Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3-отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/24
М.Суранчиева атындагы окуу комплексининдеги тигүү цехин жана жыгач устаканасын иштетүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Токбай айылындагы М. Суранчиева окуу комплексиндеги тигүү цехин жана жыгач устаканасын окуучуларга адистештирилген окутууну өткөзүү үчүн, окуучулар кесиптик билим алуусу зарыл болгондугу тууралуу Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.С. Сатарбаеванын кайрылуусун талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токбай айылындагы М. Суранчиева окуу комплексиндеги тигүү цехин жана жыгач устаканасын окуучуларга адистештирилген окутууну өткөзүү үчүн макулдук берилсин;
2. М. Суранчиева окуу комплексиндеги тигүү цехин жана жыгач устаканасын окуучуларга адистештирилген окутууну өткөзүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев мыйзам чегинде иш алып барсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |