Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-октябры № 18/122
Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 61-62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 жана 2022-жылдын 28-сентябрындагы №328 Жарлыктарына, аталган Жарлыктар менен бекитилген жана өзгөртүлгөн “Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобого” жана Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын 2022-жылдын 9-сентябрындагы протоколунун чечимдерине ылайык, Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү маселесин угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биринчи Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайы 2022-жылдын 5-ноябрына чакырылсын. Курултайдын күн тартиби, датасы, убактысы жана өтүүчү жери бекитилсин (тиркеме 1).
2. Жергиликтүү жамааттын курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча 11 кишиден турган уюштуруу комиссиясынын курамы бекитилсин (тиркеме 2).
3. Жергиликтүү жамааттын курултайын өткөрүү боюнча Новопавловка айылдык кеңешинин иш-чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркеме 3).
4. Жергиликтүү жамааттын курултайына делегаттарды көрсөтүү нормасы жана жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды/чогулуштарды өткөрүү графиги бекитилсин (тиркеме 4).
5. Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегатынын мандатынын үлгүсү бекитилсин (тиркеме 5).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айылдык кеңешинин төрагасы - жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиясынын төрагасы А. Абышевге жүктөлсүн.
Төрага: |
| А. Абышев |
|
| Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 18/122 токтомуна 1-тиркеме |
Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайынын күн тартиби, датасы, убактысы жана өтүүчү жери
№ | Күн тартиби | Датасы | Өтүлүүчү жери |
1 | 1. Жергиликтүү курултайдын төрагасын шайлоо. 2. Курултайдын регламентин бекитүү. 3. Курултайдын катчылыгынын курамын бекитүү. 4. Курултайдын эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү. 5. Элдик Курултайга 2 делегатты шайлоо. 6. Элдик Курултайда көтөрүлүүчү аймактагы негизги көйгөйлөрдү аныктоо (3төн көп эмес).
| 2022-жылдын 5-ноябры, саат 10 00 | Новопавловка айылынын №2-мектеп гимназиясы, жыйындар залы
|
Жооптуу катчы |
| К. Чыныбеков |
|
| Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 18/122 токтомуна 2-тиркеме |
Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын курултайын даярдоо жана өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комиссиясынын курамы
№ | Аты-жөнү | Ээлеген кызматы |
1 | Абышев Аскар | Новопавловка айылдык кеңешинин төрагасы, комиссиянын төрагасы. |
2 | Рымбеков Элдияр | Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
3 | Чыныбеков Канатбек | Новопавловка айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы. |
4 | Айтыкеев Кеңешбек | Новопавловка айылдык аймагынын аксакалдар кеңешинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү. |
5 | Жумаков Сатыбек | Новопавловка айылдык аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү |
6 | Сыргабаева Лила
| Новопавловка айылдык кеңешинин регламент, этика жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы, Новопавловка айылдык аймагынын аялдар кеңешинин мүчөсү, комиссиянын мүчөсү. |
7 | Мамажанов Мирлан | Новопавловка айылдык аймагынын “Жаштар ынтымагы” коомдук бирикмесинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү. |
8 | Кадыралиева Нургүл | Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү. |
9 | Бигельдиев Абдыманап | Учкун айылынын башчысы, комиссиянын мүчөсү. |
10 | Дүйшөналиева Гүлзат | Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, №1-Новопавловка орто мектебинин англис тилинин мугалими, комиссиянын мүчөсү. |
11 | Османов Александр | Новопавловка айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, комиссиянын мүчөсү |
Жооптуу катчы |
| К. Чыныбеков |
|
| Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 18/122 токтомуна 5-тиркеме |
Жооптуу катчы |
| К. Чыныбеков |