Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-июлу № 17/121
Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын каттоого алуу жөнүндө
Новопавловка айылдык аймагындагы айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА) ишмердүүлүгүн карап чыгып жана талкуулап, Новопавлова айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык аймагы АКИАнын уставдык ишмердүүлүгү үчүн чек ара катары белгиленсин.
2. Бекитилген Уставдын жана протоколдун негизинде Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык аймагынын АКИА айылдык кеңештен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Новопавловка айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана айылдык кеңештин регламентине ылайык, ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүүнү камсыз кылсын.
Төрага: | А. Абышев |