Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-июлу № 17/119
Новопавловка айылдык аймагынын 2022-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өндүрүш планын бекитүү жөнүндө
Новопавловка айылдык аймагынын 2022-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өндүрүш планы менен тааныштырган “Новопавловка коммуналдык ишканасы” муниципалдык мекемесинин жетекчиси С. Отунчиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 28-беренелерине ылайык, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык аймагынын 2022-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өндүрүш планы бекитилсин.
2. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мурзакматовго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди өткөрүп берүүнүн тартибине ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелердин аткарылышынын каражаттарын же каржылоо булактарын бир убакта аныктоо жана берүү менен “Новопавловка коммуналдык ишканасы” муниципалдык мекемесине өткөрүп берүү тапшырылсын.
Төрага: | А. Абышев |