Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-июну № 16/116
Көчөлөрдүн аттарын коюу жөнүндө
Новопавловка айылынын “Ата-Журт” конушунун жашоочуларынын чогулушунда Лавровдор көчөсүнүн этегиндеги биринчи аты жок (жумушчу аты Проектируемая) көчөсүнө “Достук-2”, ал эми ошол эле конуштун экинчи аты жок көчөсүнө (жумушчу аты Проектируемая) “Биримдик-2” аттарын ыйгарышып, протоколун Новопавловка айылдык кеңешинин кароосуна жөнөтүшкөн.
Бул маселе боюнча айылдык кеңештин депутаты Д. Аалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылынын “Ата-Журт” конушунун биринчи аты жок көчөсүнө “Достук-2” аты ыйгарылсын.
2. Новопавловка айылынын “Ата-Журт” конушунун экинчи аты жок көчөсүнө “Биримдик-2” аты ыйгарылсын.
1. Новопавловка айыл өкмөтүнө токтомду аткаруу тапшырылсын.
Төрага: | А. Абышев |