Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3-отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/25
Итар” коомдук кайрымдуулук фондусунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына социалдык долбоордун негизинде навайкана ачуу жөнүндө “Итар” кайрымдуулук фондусунун аткаруучу жетекчиси А.Курбановдун кайрылуусун карап чыгып, Кызыл-Туу жана Күнтуу айылдарына навайкана ачуу үчүн 50 ч.м. жер тилкеден бөлүп берүүгө жана 40% өндүрүлгөн продукциясынын муктаждарга жана медреселерге берилгендиги жөнүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына социалдык долбоордун негизинде Кызыл-Туу жана Күнтуу айылдарында навайкана ачууга 50 ч.м. жер тилкеден акысыз бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин;
2. “Итар” кайрымдуулук фондусунун аткаруучу жетекчиси А.Курбановдун кайрылуусунда 40% муктаждарга жана медреселерге жардам берүү пункту аткарылып көзөмөлгө алынсын;
3. Навайканаларды ачуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаев келишимди түзүүдө жана мөөнөтүн коюуда мыйзам чегинде иш алып барсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |