Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-июну № 16/114
2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун формасын бекитүү тууралуу
Новопавловка айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. К. Сулайманова сунуштаган Новопавловка айыл аймагынын 2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун формасын карап жана талкуулап, айылдык кеңештин бюджет, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чыгарган корутундусун эске алып, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорунун формасы бекитилсин:
2023-жылга 4252,8 миң сом атайын эсептерди эсепке алуу менен 132558,7 миң сом суммасында.
2024-жылга 4252,8 миң сом атайын эсептерди эсепке алуу менен 132576,4 миң сом суммасында.
2025-жылга 4253,0 миң сом атайын эсептерди эсепке алуу менен 133379,8 миң сом суммасында.
2. 2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун формасы бекитилсин:
2023-жылга 4252,8 миң сом атайын эсептерди эсепке алуу менен 132558,7 миң сом суммасында.
2024-жылга 4252,8 миң сом атайын эсептерди эсепке алуу менен 132576,4 миң сом суммасында.
2025-жылга 4253,0 миң сом атайын эсептерди эсепке алуу менен 133379,8 миң сом суммасында.
3. 2023-2025-жылдарга Новопавловка айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча долбоорлордун формалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Абышев |