Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-майы № 15/113
“Ак-Ордо” конушунун Лущихин көчөсүн асфальттоого кошумча акча каражатын бөлүү жөнүндө
Новопавловка айылдык аймагынын “Ак-Ордо” конушунун Лущихин көчөсүн асфальттоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу “Русская строительная компания” ЖЧК-нун жетекчиси У. Мурсалиевдин маалыматын угуп жана “Ак-Ордо” конушунун жашоочуларынын өкүлдөрү менен биргеликте талкуулап, долбоорду аягына чыгаруу максатында жетишпеген акча каражаты боюнча айылдык кеңештин бюджет, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен тааныштырган депутат Н. Сулпукорованын баяндамасын эске алып, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык аймагынын “Ак-Ордо” конушунун Лущихин көчөсүн асфальттоого кошумча 8 756 751 (сегиз миллион жети жүз элүү алты миң жети жүз элүү бир) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мурзакматов бул учурга чейин долбоордун аткарылышына кеткен чыгымдарынын отчетун тактап жана жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алсын.
Төрага: | А. Абышев |