Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-апрелы № 14/112
Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө сый акы ирээтинде акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Новопавловка айылдык аймагынын Аксакалдар сотунун жамаатынын кат жүзүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Сокулук районунун прокуратурасынын 10.08.2019-жылкы №11/9к819 СУНУШУН эске алып, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
Токтом кылат:
1. Новоповловка айылдык аймагынын Аксакалдар сотунун 2022-жыл үчүн жол киреге, телефондук байланыштарга, транспортко, күйүүчү майга, ж.б. кызматтык иштерге кетүүчү чыгымдарды каржылоого жана сый акыга 348 000 (үч жүз кырк сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бөлүнгөн акча каражатынан Аксакалдар сотунун төрагасына айына 5000 (беш миң) сом, алты мүчөлөрүнүн ар бирине айына 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө сый акы чектелсин.
3. Бөлүнгөн акча каражаты 2022-жылдын 1-январынан баштап квартал сайын төлөнсүн.
4. Токтомду аткаруу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага: | А. Абышев |