Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3-отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/27
Исмаил айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Исмаил айылындагы Санжирбек Исмаиловго таандык кум-шагыл карьердин жанында жашап жаткан айыл жашоочуларына коркунуч жаратып жаткандыгы тууралуу Исмаил айылынын тургундары Ж. Дуйшоналиев, О. Сарбашовдун арызын карап чыгып, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Исмаил айылындагы С. Исмаиловго таандык кум-шагыл карьердин ишин алып баруусун карап чыгуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп иш алып барсын;
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге мыйзам чегинде иш алып баруу тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлү курулуш, архитектура, Жер маселелери, инфраструктура, жаратылышты коргоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, электр энергия, жол, таза суу, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |