Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-апрелы № 14/111
Сый акы ирээтинде акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Новопавловка айылдык кеңешинин дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү М. Карымшаковдун Новопавловка айыл аймагында жашаган спортчуларды материалдык колдоо максатында Эл аралык мелдештерде, Азия менен Дүйнөнүн чемпионаттарында, Азия менен Дүйнөнүн Кубокторунда байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларга сый акы катары акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык мелдештерде, Азия менен Дүйнөнүн чемпионаттарында, Азия менен Дүйнөнүн Кубокторунда байгелүү орундарга ээ болгон Новопавловка айыл аймагында жашаган спортчуларга сый акы катары берилүүчү акча каражаттарынын 3 (үч) категориясы бекитилсин:
- 1-орун категориясы – 50 000 (элүү миң) сом;
- 2-орун категориясы – 40 000 (кырк миң) сом;
- 3-орун категориясы – 30 000 (отуз миң) сом.
2. Новопавловка айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н. Б. Айтмамбетова спорттук мелдештерде байгелүү орундарга жетишкен спортчуларга тастыктаган тиешелүү документтеринин негизинде акча каражаттарын бөлүп берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | А. Абышев |