Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3-отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/28
Н.А. Сарбашованын кайрылуусун кароо жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Токбай айылында 14 сотых жер тилке 2023-жылдын 17-февралында №23 чечиминин негизинде Сарбашова Нагира Анварбековнанын атына бөлүнүп берилип, аталган чечим Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн архивине сакталбай калгандыгы тууралуу Н. Сарбашованын кайрылуусун карап чыгып, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 17-февралындагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Жеке турак жай салуу үчүн жер тилке бөлүнүп берүү” Н.А. Сарбашованын наамындагы №23 чечими Күнтуу айыл өкмөтүнүн архивине сактоого киргизүүгө макулдук берилсин;
2. Мындан аркы иш чараны мыйзам чегинде алып баруусу Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |