Редакцияот 06.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

I чакырылыштын 7-(кезексиз) сессия

 

2025-жылдын 6-августу № 46

 

“Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө”

 

Манас айыл өкмөтүнө Афган согушунун ардагери Токтосунов Абдирасулдун Т-608 13.08.2025-жылы жазган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2009-жылы 30-декабрындагы №319 Мыйзамынын негизинде Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине (20 киши) коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдүн 100% мөөнөтсүз бошотуу жөнүндө Манас айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлерине коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн сууга, таштандыга, саркынды сууларга 100% мөөнөтсүз бошотулсун;

2. Манас айыл аймагынын Афган согушунун ардагерлеринин үй-бүлөөлөрүнө коммуналдык кызматтарга болгон төлөмдөрдөн 100% мөөнөтсүз бошотуу- ЧЕТКЕ КАГЫЛСЫН;

3. МИ “Таза айыл учун” мүдүрү Сатеков Ж.Ж жана башкы эсепчи Асланова С.И токтомдун аткарылышы боюнча эсептөө жүргүзсун;

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго калтырам.

 

 

Төрайым

 

 Момунова Р.К.