Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3-отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/29
А.К. Курманалиевдин кайрылуу катын кароо жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин аймагында салынган күрөш жана бокс залынын расмий ачылышын кылууга уруксат берүү жөнүндө Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин мүдүрү А.К. Курманалиевдин кайрылуу катын карап чыгып, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин аймагында салынган күрөш жана бокс залынын расмий ачылышын кылууга макулдук берилсин;
2. Салынган күрөш жана бокс залынын документтерин мыйзамдаштыруу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |