Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 3-отурумунун
2025-жылдын 19-марты № 3/30
Көнөк-Сай” көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Исмаил айылындагы “Конок-Сай” көчөсүнүн атын “Султаналы -Ата” көчөсүнө өзгөртүп берүү жөнүндө Исмаил айылынын тургуну Ж. Султаналиевди угуп, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, 2025-жылы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын эске алып, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Исмаил айылындагы “Конок-Сай” көчөсүн “Султаналы-Ата” көчөсүнө кайра өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2008-жылдын 16-сентябрындагы Исмаил айылындагы Долбоорлонуучу көчөсүнө “Конок-Сай” көчөсү атоо жөнүндө №25 чечими күчүн жоготту деп табылсын;
3. Күнтуу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-майындагы Исмаил айылындагы Долбоорлонуучу атындагы көчөгө “Султаналы - ата” ысымын ыйгарыруу жөнүндө №5/26 токтому жокко чыгарылсын;
4. Мындан аркы иш-чараны мыйзам чегинде алып баруусу Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |