Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралы № 2-чуа
Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан сейил бакты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Бишкек шаарынын жашоочулары жана меймандары үчүн эс алуу шарттарын түзүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын жашоочулары жана меймандары үчүн эс алуу шарттарын түзүү максатында, Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан аянты 1,939 га, идентификациялык коду: 1-01-04-0024-0168 сейил бакты Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мэрдин биринчи орун басары, мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу |
М.К. Байгончоков |