Редакцияот 03.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

I чакырылыштын 8-(кезексиз) сессия

 

2025-жылдын 3-октябры № 50

 

“Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “ Кыргызгосплемзавод” мамлекеттик ишканасынын карамагында турган, Манас айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, контуру №188, идентификациялык коду 7080300270379, жалпы аянты 4,0 гектар жер тилкесин Манас айыл өкмөтүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 токтомунун негизинде Манас айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, контуру №188, идентификациялык коду 7080300270379, жалпы аянты 4,0 гектар жер тилкесин Манас айыл өкмөтүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп алууга макулдук берилет.

2.Кабыл алынган контуру №188, идентификациялык коду 7080300270379, жалпы аянты 4,0 гектар жер тилкеси өз багыты менен пайдаланылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго калтырам.

 

 

Төрайым

 

 Момунова Р.К.