Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-февралы № 110
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана микрогенерацияны өнүктүрүүгө байланыштуу жаңы технологиялык жана укуктук мамилелерди интеграциялоо зарылдыгын эске алуу менен электр энергетикасы жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде:
- 1-пунктта:
жыйырма тогузунчу, отузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр энергиясы менен жабдып туруучу (сатуучу) - иштелип чыгарылган жана (же) сатылып келген электр энергиясын электр менен жабдуучу уюмдарга (анын ичинде абоненттер - микрогенерация субъекттери жана ЭКБ субъекттери), керектөөчүлөр-алып кайра сатуучуларга жана дүңүнөн сатып алуучулар-сатуучуларга жөндөлмө тариф боюнча жеткирген (саткан) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин тиешелүү түрүнө лицензиясы бар жеке же юридикалык жак.";
- отуз жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептешүү мезгили - бул электр менен жабдууга келишимде жана/же электр энергиясын жеткирүүгө келишимде (макулдашууда) аныкталган убакыт аралыгы, анда акы төлөө үчүн керектелген жана/же жеткирилген электр энергиясы жана кубаттуулук жана (же) электр энергиясын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр эсепке алынууга тийиш.";
кырк төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр энергиясы жана кубаттуулукка, ошондой эле ыйгарым укуктуу электр менен жабдуучу уюмдун тармагына жеткирилген энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф - керектелген электр энергиясына жана кубаттуулукка эсеп жүргүзүлүүчү чендердин тутуму.";
кырк сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр энергиясын сарптоону эсептөө түйүнү (жеткирүү түйүнү) - керектөөчүнүн электр тармактарын кошуу түйүнү, эреже катары, анда коммерциялык эсептөө каражаттарынын жардамы менен коммерциялык эсептешүүлөрдө пайдаланылган кубаттуулуктун жогорку чектеги мааниси жана керектелген (жеткирилген) электр энергиясынын саны аныкталат. Эсептөө түйүнү, эреже катары, баланстык таандыктыктын (менчиктин) чегинде жайгашууга тийиш жана Келишимде (Контрактта) көрсөтүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы элүү бешинчи абзац менен толукталсын:
"ЭКБ орнотмосу - электр энергиясын же жылуулукту өндүрүү үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарын (табигый энергия - күн, шамал, суу, биомасса ж.б.) пайдалануучу энергетикалык орнотмо.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Келишим (Контракт) керектөөчүнүн тармактарына кошулган башка кошо керектөөчүлөр жана керектөөчүнүн жеке муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери жана микрогенерация орнотмолору жөнүндө маалыматтарды (аталышы, кубаттуулугу, электр керектөө, эсептик электр эсептегичтер, тарифтер жана башка маалыматтар) камтыйт.";
- 28-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электр менен жабдуунун автономдуу булактарын пайдаланууга уруксат берилбейт, алардын кошуу схемасы тышкы тармакка чыңалуунун берилишин жокко чыгарган, анын ичинде тышкы тармактан чыңалуунун берилиши токтотулган учурларда автоматтык же кол менен түзүлүштү (которуучу рубильник) караштырбайт.";
- 40-пунктта:
4, 5-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) керектөөчүнүн электр техникалык жабдууларындагы реле коргоосунун жана автоматиканын түзүлүштөрүнө жана мүнөздөмөлөрүнө карата лицензия алуучунун талаптарын, анын ичинде электр менен жабдуучу уюмдун тармактарына кошулган керектөөчүнүн микрогенерация орнотмолорунун жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын электр техникалык жабдууларына карата талаптарды аткаруу;
5) керектөөчү өз муктаждыктары үчүн пайдаланган энергиянын кайра жаралуучу булактарынын орнотмолорун кошуу жана резервди автоматтык түрдө кошуу схемасын колдонууну лицензия алуучу менен макулдашуу;";
- 13-пунктчанын төртүнчү абзацында "керектөө түйүнүнө чейин" деген сөздөр "керектөө (жеткирүү) түйүнүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 56-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"ЭКБ пайдалануучу бардык объекттер, анын ичинде чакан кубаттуулуктагы орнотмо жана микрогенерация үчүн эсептешүү борборунун маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасына интеграциялоо мүмкүнчүлүгү менен электр энергиясы кайра берилген бардык түйүндөрдө ЭКЭАТ орнотуу милдеттүү. Орнотулган эсепке алуу каражаттары иштелип чыккан, берилген жана керектелген электр энергиясынын бардык көлөмдөрүн каттоону камсыз кылууга тийиш.";
- 58-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"ЭКБ пайдалануу менен электр энергиясын генерациялоону жүзөгө ашыруучу субъекттер эсептешүүлөрдө аралыктан жетүү, маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасына маалыматтарды берүү жана энергиянын агымдарынын ар бир багыты боюнча көрсөткүчтөрдү каттоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган коммерциялык эсепке алуу каражаттарын же ЭКЭАТ гана колдонууга милдеттүү.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 581-пункт менен толукталсын:
"581. Чакан кубаттуулуктагы (5тен 100 кВтка чейин) ЭКБ орнотмолорун кошуу түйүндөрүнө орнотулуучу электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттары ЭКЭАТ талаптарына ылайык келүүгө, Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө жана БМЧИСке интеграциялоого жол берилүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн эсептегичтерди орнотуу финансылык колдоо механизмдерин, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, жеңилдетилген кредиттерди жана гранттык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
- 91-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"91. Лицензия алуучу тарабынан берилген керектелген электр энергиясы үчүн эсептешүүлөр бардык керектөөчүлөр менен (эркин керектөөчүнү кошпогондо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген жөндөлмө тарифтер боюнча жүзөгө ашырылат. Эркин керектөөчү менен - жөндөлбөгөн тарифтер боюнча, анын ичинде керектөөчүдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өздөштүрүүнүн эсебинен алынган энергиянын негизинде иштеген орнотмолору жана техникалык каражаттары болгондо.";
- 92-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 93-пункт төмөнкүдөй редакцияда
"93. Лицензия алуучу керектөөчүгө төмөнкүлөргө төлөм документтерин (кагаз, электрондук же башка форматта) жазып берет (көрсөтөт):
1) керектөөчү тарабынан керектелген же лицензия алуучуга берилген (ЭКБ орнотмолору иштеп чыккан), коммерциялык эсепке алуу приборлору менен эсепке алынган электр энергиясы үчүн;
2) Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин (3-тиркеме) бузуу аныкталган учурда Керектөөчүлөрдү тейлөө тартиби жөнүндө нускамага ылайык көлөмү эсептелген керектелген электр энергиясы үчүн;
3) алдын ала төлөөгө.
Ушул пункттун жоболору электр менен жабдуучу уюм менен ЭКБ же микрогенерация объекти тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуу-сатуу жөнүндө макулдашууну (5-тиркеме) түзгөн сатуучуларга карата колдонулбайт.";
- бул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык 5, 6-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 13 (3773) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине 5-тиркеме |
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТЫН ОБЪЕКТИ ТАРАБЫНАН ӨНДҮРҮЛГӨН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН САТЫП АЛУУ-САТУУ ЖӨНҮНДӨ № _______________ МАКУЛДАШУУ ________________________________________________ (кубаттуулугу кВт ЭКБ же кубаттуулугу кВт микрогенерация объекти (көрсөтүү керек)
Бишкек ш. |
| 20_____ _________________________ |
Бир тараптан ________________________________________________________
негизинде иштеген директор ___________________________________________
атынан чыгуучу ______________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
"Кыргызстан УЭТ" ААК филиалы _______________________________________,
мындан ары "Сатып алуучу" деп аталып жана экинчи тараптан
____________________________________________________ негизинде иштеген
______________________________________________________ атынан чыгуучу,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
мындан ары "Сатып алуучу" деп аталып
____________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
мындан ары "Сатуучу" деп аталып, биргеликте - "Тараптар" деп аталып, төмөнкүлөр
жөнүндө ушул макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) түздү:
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Макулдашууну түзүүнүн жана аткаруунун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу жана электр энергиясынын чекене рыногунда иштөө эрежелерин түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктаган ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
1.2. Эгерде Макулдашууда башкача аныкталбаса, ушул Макулдашууда колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Макулдашуунун 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик актыларда аныкталган мааниде чечмеленет.
1.3. Тараптар үчүн Макулдашууда каралгандан башка эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук акт күчүнө кирген учурда, анын ичинде электр энергиясынын баасын жана наркын аныктоонун тартибин аныктоо бөлүгүндө, Макулдашуу боюнча сатып алынуучу электр энергиясынын көлөмүн аныктоонун тартиби Тараптардын өз ара мамилелерине карата күчүнө кирген ченемдик укуктук актынын жоболору колдонулат.
2. МАКУЛДАШУУНУН ПРЕДМЕТИ
2.1 Ушул Макулдашуу боюнча Сатуучу ушул Макулдашууда каралган тартипте жеке муктаждыктарын канааттандыруу максатында Сатуучу тарабынан керектелбеген, ЭКБ же микрогенерация объектинде өндүрүлгөн (керектүүсүн тандоо керек) электр энергиясын берүүгө жана сатууга, ал эми Сатып алуучу кабыл алууга жана төлөөгө милдеттенет.
2.2. Сатуучуга менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде ЭКБ же микрогенерация объекти (керектүүсүн тандоо) жана ага таандык электр тармактык чарба объекттери менен кошулган энергия кабыл алуучу түзүлүштөр таандык.
2.3. Сатып алуучу менен Сатуучунун ортосунда Сатуучуга таандык электр тармактык чарба объекттери менен кошулган энергия кабыл алуучу түзүлүшкө жана ЭКБ же микрогенерация объектине (керектүүсүн тандоо керек) карата ____________ № _______________ Тиричилик эмес керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен жабдууга контракт (мындан ары - Контракт) түзүлгөн жана колдонулууда.
2.4. Электр тармагына микрогенерация объекти тарабынан талаптагыдай сапаттагы электр энергиясын жеткирүү жана берүү боюнча Сатуучунун милдеттенмесин аткаруу орду болуп Берүү түйүнү (түйүндөрү) саналат - ушул Макулдашуу боюнча Тараптардын өз ара милдеттенмелеринин көлөмүн аныктоо үчүн пайдаланылуучу Тараптардын милдеттенмелерин аткаруу орду саналат, анда (аларда) микрогенерация объекти тарабынан электр тармактарынын баланстык таандыктыгынын чеги жана Тараптардын эксплуатациялык жоопкерчилиги (Макулдашуунун 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн Контракттын 3-тиркемеси) актысында (актыларда) аныкталган баланстык таандыкты бөлүү чегинде жайгашкан электр тармагына электр энергиясын берүү жүзөгө ашырылат.
3. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ
3.1. Сатуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.1. Жыштыгы 50±0.4 Гц жана чыңалуу деңгээли 380 Вольт ±5% болгон жалпы багыттагы электр тармактарында электр энергиясынын сапатына карата талаптарды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон электр энергиясын берүү түйүнүнө жеткирүүгө.
3.1.2. Тармакка максималдуу кубаттуулугу ____________ кВт ашпаган ЭКБ-электр энергиясын берүүнү камсыз кылууга.
3.1.3. Контракттын В тиркемесинде көрсөтүлгөн, баланстык таандыктын чегинде белгиленген жана Сатып алуучунун электр энергиясын эсепке алуу системасына кошулган, эки багыттагы өткөрмө токтун тармактарында активдүү жана реактивдүү энергияны саат боюнча өлчөөнү камсыз кылган, Сатып алуучунун электр тармактык чарба объекттеринен Сатуучунун энергия кабыл алуучу түзүлүштөрүнө келип түшкөн электр энергиясынын көлөмүн жана ЭКБ же микрогенерация объекти (керектүүсүн тандоо) тарабынан иштелип чыккан, Сатып алуучунун тармагына келип түшкөн электр энергиясынын көлөмүн бир учурда аныктоого мүмкүндүк берген эсептөө приборунун (приборлорунун) болушун жана сакталышын камсыз кылууга.
3.1.4. Сатып алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн электр энергиясын эсепке алуу прибору орнотулган жерге эсепке алуу приборун орнотуу, эксплуатациялоого киргизүү жана демонтаждоо, көрсөткүчтөрдү текшерүү жана алуу, анын ичинде көрсөткүчтөрдү контролдук алуу боюнча иш-аракеттерди аткаруу үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө.
3.1.5. Колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте жана мөөнөттө Сатып алуучуга ЭКЭАТ кошулбаган жана(же) Сатуучунун объекттеринде орнотулган эсепке алуу приборлорунун бузулгандыгы жөнүндө билдирүүгө.
3.1.6. Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди аткарууга.
3.2. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.2.1. ЭКБ-электр энергиясын Берүү түйүнүндө кабыл алууга жана ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык Макулдашууда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө аны өз убагында төлөөгө.
3.2.2. Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрүн ай сайын алууга жана мындай көрсөткүчтөр алынган күндөн тартып 5 күндүн ичинде Сатуучуга ушул Макулдашуунун жана 2.3-пунктта көрсөтүлгөн Контракттын шарттарына ылайык Сатып алуучу Сатуучуга жиберилүүчү төлөм документтеринде (эсебинде) эсептерди чагылдыруу менен Тараптардын менчигинин чегине Тараптар берген электр энергиясынын көлөмүн жана наркын өлчөөлөрдүн натыйжаларын берүүгө.
3.2.3. Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди аткарууга.
3.3. Сатуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
3.3.1. Сатып алуучудан берилген электр энергиясы үчүн төлөмдү ушул Макулдашууда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө алууга.
3.3.2. Зарыл болгон учурда Сатып алуучудан эки тараптуу акт тариздөө менен электр энергиясынын сапаттык көрсөткүчтөрүн биргелешип өлчөөнү талап кылууга.
3.3.3. Сатып алуучудан ушул Макулдашууну аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга.
3.3.4. Сатып алуучуга белгиленген бузуу датасына чейин 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүү шарты менен ушул Макулдашууну аткаруудан бир тараптуу баш тартууга.
3.4. Сатып алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
3.4.1. Сатуучунун ЭКБ же микрогенерациялоочу объекти тарабынан электр тармагына берилген электр энергиясын Сатуучунун Макулдашуунун 3.1.2-пунктунда көрсөтүлгөн энергияны кабыл алуучу түзүлүштөрүнүн максималдуу кошулган кубаттуулугунан ашык сатып албоого.
3.4.2. Сатуучудан зарыл болгон учурда эки тараптуу акт тариздөө менен ЭКБ-электр энергиясынын сапаттык көрсөткүчтөрүн биргелешип өлчөөнү талап кылуу.
3.4.3. Ушул Макулдашуунун 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн Контракт боюнча Сатып алуучунун алдында Сатуучу керектелген электр энергиясына төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, Сатып алуучу Макулдашуу боюнча аларга берилген ЭКБ-электр энергиясы үчүн Сатуучуга тиешелүү болгон каражаттардын суммасынан Контракт боюнча милдеттенмелер боюнча карызды төлөөнүн эсебинен каражаттарды кармап калууга укуктуу.
3.4.4. Сатып алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эсепке алуу приборлорунун абалын текшерүүгө, ошондой эле Сатып алуучунун ички регламенттеринде каралган мөөнөттө эсепке алуу приборлорунан контролдук көрсөткүчтөрдү алууга укуктуу.
3.4.5. Сатуучудан ушул Макулдашууну аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга.
4. ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЭСЕПКЕ АЛУУНУН ТАРТИБИ
4.1. Ушул Макулдашуу боюнча эсептешүү мезгили календардык ай болуп саналат.
4.2. Макулдашуу боюнча Тараптардын менчигинин чегине берилген электр энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмү электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын жана/же Сатып алуучунун ЭКЭАМТ көрсөткүчтөрүнүн негизинде ар бир айдын _______________ күнүнө же Макулдашуу бузулган датага карата аныкталат (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун эсептик жана контролдук приборлору орнотулган жерлер, алардын мүнөздөмөлөрү, эсептегичтердин номерлери жана алардын таандыктыгы Контракттын В тиркемесинде келтирилген) жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын жана/же ЭКЭАМТ көрсөткүчтөрү алынган датадан тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен ар бир эсептешүү мезгили аяктагандан кийин Сатып алуучу Сатуучуга жөнөткөн тиешелүү төлөм документтеринде (эсеп-фактурада) чагылдырылат.
4.3. Төлөм документтеринде (эсептеринде) көрсөтүлгөн ушул Макулдашуу боюнча берилген электр энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмү жана ушул Макулдашуунун 4.2-пунктуна ылайык аныкталган Контракт боюнча Сатуучу керектеген электр энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмү электр энергиясын сатуунун көлөмүн аныктоо жана Тараптардын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
4.4. Сатуучуга карата берилген жана керектелген электр энергиясынын көлөмдөрү боюнча өз ара эсептешүүлөр ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып ар бир эсептешүү мезгилинин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт:
Сатуучу тарабынан Макулдашуу боюнча берилген электр энергиясынын көлөмү деп эсептешүү мезгилинин жыйынтыгы боюнча аныкталган чоңдук түшүнүлөт, анда Макулдашуу боюнча электр тармагына берилген электр энергиясынын көлөмү Макулдашуунун 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн Контракттын шарттары боюнча Сатуучу керектеген электр энергиясынын көлөмүнөн ашат.
4.5. Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттары Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы жана электр энергиясын эсепке алуу приборлоруна карата талаптарды регламенттеген башка ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш, алардын бардык электр чынжырчалары жана Тараптардын ортосундагы эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө пайдаланылган ЭКЭАМТ Сатып алуучунун өкүлү тарабынан жеке пломбаны орнотуу менен пломбаланууга тийиш.
4.6. Кошууда коммерциялык эсепке алуунун эсептешүү каражаттарынын бузуктугу табылган учурда Тараптардын ортосунда берилген электр энергиясынын саны эки тараптуу актыны түзүү менен эсептешүү жолу менен аныкталат.
5. ЭСЕПТЕШҮҮЛӨРДҮН ТАРТИБИ
5.1. Берилүүчү ЭКБ-электр энергиясына тариф (баа) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу менен белгиленет жана Макулдашуу түзүлгөн датага карата 4,42 сом/кВтс түзөт (күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн 1,3 өлчөмүндө жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен 3,40 сом/кВтс (салыктарды эсепке албаганда) өлчөмүндө тариф) жана мыйзамдарда белгиленген Жеңилдетилген мезгилдин ичинде колдонулат, ал Жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин кайра каралат.
5.2. Макулдашуунун 4.3. жана 4.4-пункттарына ылайык Сатуучу тарабынан Берүү түйүнүнө берилген электр энергиясынын көлөмүн жана Сатуучу тарабынан эсептешүү мезгилде электр энергиясын керектөө көлөмүн аныктагандан кийин Сатып алуучу Тараптардын баланстык таандыктыгын бөлүү чегинде орнотулган электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрүн алган датадан тарып 5 календардык күндүн ичинде, Сатуучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тариф боюнча төлөнүүгө тийиш болгон электр энергиясынын көлөмүн көрсөтүү менен белгиленген формадагы төлөм документин (эсебин) тариздейт жана жиберет.
5.3. _______________-ж. №_______________ Келишим боюнча төлөнүүгө тийиш болгон акыркы сумма жалпысынан ушул Макулдашууну эске алуу менен ар бир Эсептешүү мезгилинин жыйынтыгы боюнча аныкталат.
5.4. Төлөм Тараптардын макулдашуусу боюнча Контракттын Тараптарынын реквизиттери бөлүмүндө көрсөтүлгөн Сатуучунун алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен же болбосо кийинки эсептешүү мезгилинде (мезгилдеринде) Тараптардын карыздарын сальдолоо жолу менен жүргүзүлөт.
5.5. Эсептешүүлөрдө кандайдыр бир техникалык каталар табылган жана эсептешүү мезгили үчүн төлөм документине оңдоолорду киргизүү зарыл болгон учурда, алар кийинки эсептешүү мезгилинде киргизилет.
5.6. ЭКБ пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди киргизүүдө же өзгөртүүдө Сатып алуучу мындай ЭКБ-электр энергиясын мыйзамдарда каралган тартипте күчүнө кирген күндөн тартып жаңы бекитилген ЭКБ-электр энергиясынын тарифи боюнча төлөйт.
5.7. Тараптар ар бир эсептешүү мезгилинин аягында өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысына кол коюшат.
6. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
6.1. Макулдашуунун Тараптары өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ушул Макулдашуунун шарттарына жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.
6.2. Берилген электр энергиясына төлөөнүн мөөнөтүн Сатып алуучу бузгандыгы үчүн Сатып алуучу Сатуучуга мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн мөөнөтү өткөн сумманын 0,1%ы өлчөмүндө туум төлөйт. Туумдун жалпы суммасы мөөнөтү өткөн сумманын 5%ынан ашпоого тийиш.
6.3. Тараптар, эгерде табигый кырсыктар (жер титирөө, метеориттин кулашы, бороон, чагылган, өрт, суу ташкыны, кар күрткүсү ж.б.), мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү, коомдук тартипсиздиктер, иш таштоолор, согуш аракеттери, террористтик актылар, ошондой эле Тараптардын акылга сыярлык контролдоо чөйрөсүнөн тышкары болгон башка кандай болбосун жагдайлар сыяктуу ал жеткис күчтөрдүн натыйжасы болуп эсептелсе, бул жагдайлар ушул Контракттын аткарылышына түздөн-түз таасир эткен шартта ушул Контракт боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
6.4. Ал жеткис күчтүн жагдайларына таянган Тарап үч күндүк мөөнөттө мындай жагдайлардын келип чыгышы жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Бул учурда кайсы Тараптын болбосун талабы боюнча өз ара милдеттенмелерди андан ары аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктаган комиссия түзүлүшү мүмкүн.
7. МАКУЛДАШУУНУН КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ
7.1. Ушул Макулдашуу Тараптар кол койгон датадан тартып күчүнө кирет жана электр энергиясын берүү бөлүгүндө Тараптардын бири экинчи Тарапка Макулдашууну бузуу жөнүндө билдирүү жөнөткөн датадан тартып 30 календардык күндөн эрте эмес келген датага чейин, ал эми өз ара эсептешүүлөр бөлүгүндө - алар толук аяктаганга чейин колдонулат.
7.2. Ушул Макулдашуу боюнча Тараптардын милдеттенмелерин аткаруу 20____-жылдын _____________ тартып, бирок Тараптар микрогенерация объектин технологиялык кошуу жөнүндө документтерди тариздеген датадан эрте эмес башталат.
8. БАШКА ШАРТТАР
8.1 Ушул Макулдашуудан келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралууга тийиш.
8.2. Сатуучунун кабарлоолорду жана башка юридикалык мааниге ээ билдирүүлөрдү жөнөтүүсү жана аларды Сатуучудан алуусу үчүн Сатып алуучунун реквизиттеринде көрсөтүлгөн Сатып алуучунун электрондук почта дареги жана телефон номери колдонулат.
8.3. Ушул Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 2 нускада, ар бир Тарап үчүн бирден түзүлдү жана бүткүл колдонуу мөөнөтүнүн ичинде _____________ № ________________ Тиричилик керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен жабдууга типтүү контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9. ТИРКЕМЕЛЕР
"Микрогенерация объектин технологиялык кошууга техникалык шарттар" 1-тиркемеси (_______________ № ______________ Тиричилик керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен жабдууга типтүү контракт боюнча микрогенерация объектинин кубаттуулугу электр энергиясын керектөөнүн уруксат берилген кубаттуулугунан ашкан учурда) же Сатып алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген ЭКБ орнотмосун кошуу шарттары боюнча жазма буйрук.
10. ТАРАПТАРДЫН РЕКВИЗИТТЕРИ
Сатуучу | Сатып алуучу". |
|
|
| 2-тиркеме |
|
| "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине 6-тиркеме |
ЖЕКЕ ЖАКТЫН ОБЪЕКТИ ТАРАБЫНАН ӨНДҮРҮЛГӨН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН САТЫП АЛУУ-САТУУ ЖӨНҮНДӨ № ______________ МАКУЛДАШУУ _________________________________________________________________________ (кубаттуулугу ________ кВт болгон ЭКБ же кубаттуулугу ______________ кВт болгон микрогенерация объекти)
Бишкек ш. |
| 20___-ж. ___________________ |
Бир тараптан ______________________________________ негизинде иштеген директор
____________________________________________________________________ атынан
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
чыгуучу "Кыргызстан УЭТ" ААК филиалы ________________________________________,
мындан ары "Сатып алуучу" деп аталып жана экинчи тараптан
____________________________________________________________________________
(облус, шаар, район, көчө, үй, батир)
дареги боюнча жайгашкан,
____________________________________________________________________________
(кыймылсыз мүлккө документ: батирдин, үйдүн, жайдын техникалык паспортунун (ордердин) №)
турак үйдүн (жайдын) менчик ээси (жалдоочусу) болуп саналган,
20__-ж. "_____" _______________ _______________________________________ тарабынан
(берген органдын аталышы)
берилген, паспортунун сериясы ________________________ № __________________ жаран
____________________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
мындан ары "Сатуучу" деп аталып, биргеликте - "Тараптар" деп аталып төмөнкүлөр жөнүндө
ушул Макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) түздү.
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Макулдашууну түзүүнүн жана аткаруунун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу жана электр энергиясынын чекене рыногунда иштөө эрежелерин түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктаган ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
1.2. Эгерде Макулдашууда башкача аныкталбаса, ушул Макулдашууда колдонулган түшүнүктөр жана терминдер Макулдашуунун 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик актыларда аныкталган мааниде чечмеленет.
1.3. Тараптар үчүн Макулдашууда каралгандан башка эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук акт күчүнө кирген учурда, анын ичинде электр энергиясынын (кубаттуулуктун) баасын жана наркын аныктоонун тартибин аныктоо бөлүгүндө, Макулдашуу боюнча сатып алынуучу электр энергиясынын көлөмдөрүн аныктоо тартиби Тараптардын өз ара мамилелерине карата күчүнө кирген ченемдик укуктук актынын жоболору колдонулат.
2. МАКУЛДАШУУНУН ПРЕДМЕТИ
2.1. Ушул макулдашуу боюнча Сатуучу ушул Макулдашууда каралган тартипте жеке тиричилик муктаждыктарын канааттандыруу максатында Сатуучу тарабынан керектелбеген, микрогенерация объектинде өндүрүлгөн электр энергиясын берүүгө жана сатууга, ал эми Сатып алуучу кабыл алууга жана төлөөгө милдеттенет.
2.2. Сатуучуга менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде микрогенерация объекти жана ага таандык электр тармактык чарба объекттери менен кошулган энергия кабыл алуучу түзүлүштөр таандык.
2.3. Сатып алуучу менен Сатуучунун ортосунда Сатуучуга таандык электр тармактык чарба объекттери менен кошулган энергия кабыл алуучу түзүлүшкө жана микрогенерация объектине карата __________________ № __________________ Тиричилик керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен жабдууга типтүү келишим (мындан ары - Келишим) түзүлгөн жана колдонулууда.
2.4. Электр тармагына микрогенерация объекти тарабынан талаптагыдай сапаттагы электр энергиясын жеткирүү жана берүү боюнча Сатуучунун милдеттенмесин аткаруу орду болуп Берүү түйүнү (түйүндөрү) - ушул Макулдашуу боюнча Тараптардын өз ара милдеттенмелеринин көлөмүн аныктоо үчүн пайдаланылуучу Тараптардын өз ара милдеттенмелерин аткаруу орду саналат, анда микрогенерация объекти тарабынан Макулдашуунун 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн баланстык таандыктыкты (менчикти) бөлүү актысында (Келишимдин А тиркемеси) аныкталган баланстык таандыктыкты бөлүү чегинде жайгашкан электр тармагына электр энергиясын берүү жүзөгө ашырылат.
3. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ
3.1. Сатуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.1. Жыштыгы 50±0.4 Гц жана чыңалуу деңгээли 380 Вольт ±5% болгон жалпы багыттагы электр тармактарында электр энергиясынын сапатына карата талаптарды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон электр энергиясын берүү түйүнүнө жеткирүүгө.
3.1.2. Тармакка максималдуу кубаттуулугу _________________ кВт ашпаган ЭКБ-электр энергиясын берүүнү камсыз кылуу.
3.1.3. Белгиленген тартипте эксплуатациялоого киргизилген электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарына карата эсепке алуу приборлорунун, пломбалардын жана (же) башка визуалдык контролдоо белгилеринин, ошондой эле Сатып алуучуга таандык башка жабдуулардын сакталышын жана бүтүндүгүн камсыз кылууга.
3.1.4. Сатып алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн электр энергиясын эсепке алуу прибору орнотулган жерге эсепке алуу приборун орнотуу, эксплуатациялоого киргизүү жана демонтаждоо, көрсөткүчтөрдү текшерүү жана алуу, анын ичинде көрсөткүчтөрдү контролдук алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө.
3.1.5. Колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте жана мөөнөттө Сатып алуучуга ЭКЭАТ тутумуна кошулбаган жана(же) Сатуучунун объекттеринде орнотулган эсепке алуу приборлорунун бузулгандыгы жөнүндө Сатып алуучуга билдирүүгө.
3.1.6. Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди аткарууга.
3.2. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.2.1. ЭКБ-электр энергиясын Берүү түйүнүндө кабыл алууга жана ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык Макулдашууда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө аны өз убагында төлөөгө.
3.2.2. Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрүн ай сайын алууга жана мындай көрсөткүчтөр алынган күндөн тартып 5 күндүн ичинде Сатуучуга ушул Макулдашуунун жана 2.3-пунктта көрсөтүлгөн Келишимдин шарттарына ылайык Сатып алуучу Сатуучуга жиберүүчү төлөм документтеринде (эсебинде) эсептерди чагылдыруу менен Тараптардын менчигинин чегине Тараптар берген электр энергиясынын көлөмүн жана наркын өлчөөлөрдүн натыйжаларын берүүгө.
3.2.3. Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди аткарууга.
3.3. Сатуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
3.3.1. Сатып алуучудан берилген электр энергиясы үчүн төлөмдү ушул Макулдашууда белгиленген тартипте жана мөөнөттө алууга.
3.3.2. Зарыл болгон учурда Сатып алуучудан эки тараптуу акт тариздөө менен электр энергиясынын сапаттык көрсөткүчтөрүн биргелешип өлчөөнү талап кылууга.
3.3.3. Сатып алуучудан ушул Макулдашууну аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга.
3.4. Сатып алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
3.4.1. Зарыл болгон учурда Сатуучудан эки тараптуу акт тариздөө менен ЭКБ-электр энергиясынын сапаттык көрсөткүчтөрүн биргелешип өлчөөнү талап кылууга.
3.4.2. Ушул Макулдашуунун 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн Келишим боюнча Сатып алуучунун алдында Сатуучу керектелген электр энергиясын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, Сатып алуучу Макулдашуу боюнча аларга берилген ЭКБ-электр энергиясы үчүн Сатуучуга тиешелүү болгон каражаттардын суммасынан Келишим боюнча милдеттенмелер боюнча карызды төлөө эсебине каражаттарды кармап калууга укуктуу.
3.4.3. Сатып алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эсепке алуу приборлорунун абалын текшерүүгө, ошондой эле Сатып алуучунун ички регламентинде каралган мөөнөттө эсепке алуу приборлорунан контролдук көрсөткүчтөрдү алууга укуктуу.
3.4.4. Сатуучудан ушул Макулдашууну аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга.
4. ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЭСЕПКЕ АЛУУНУН ТАРТИБИ
4.1. Ушул Макулдашуу боюнча бөлүү чектерине берилген электр энергиясын эсепке алууга карата эсептешүү мезгили болуп календардык ай саналат.
4.2. Макулдашуу боюнча Тараптардын менчигинин чегине берилген электр энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмү электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын жана/же Сатып алуучунун ЭКЭАМГ көрсөткүчтөрүнүн негизинде ар бир айдын _________ күнүнө же Макулдашуу бузулган датага карата аныкталат жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын жана/же ЭКЭАМТ көрсөткүчтөрү алынган датадан тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен ар бир эсептешүү мезгили аяктагандан кийин Сатып алуучу Сатуучуга жөнөткөн тиешелүү төлөм документтеринде (эсеп/электрондук тиркеме) чагылдырылат.
4.3. Төлөм документтеринде (эсебинде) көрсөтүлгөн ушул Макулдашуу боюнча берилген электр энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмдөрү жана ушул Макулдашуунун 4.2-пунктуна ылайык аныкталган Келишим боюнча Сатуучу керектеген электр энергиясынын иш жүзүндөгү көлөмдөрү электр энергиясын сатуунун көлөмүн аныктоо жана Тараптардын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
4.4. Сатуучуга карата берилген жана керектелген электр энергиясынын көлөмдөрү боюнча өз ара эсептешүүлөр Тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт (зарыл болгон вариантты тандаңыз):
- ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып ар бир календардык кварталдын жыйынтыгы боюнча (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 706-т тескемесине ылайык):
Сатуучу тарабынан Макулдашуу боюнча берилген электр энергиясынын көлөмү деп бир календардык кварталдын алкагында катары менен келген үч эсептешүү мезгилинин жыйынтыгы боюнча аныкталган чоңдук түшүнүлөт, анда тармакка берилген электр энергиясынын жыйынды кварталдык көлөмү тармактан алынган электр энергиясынын жыйынды кварталдык көлөмүнөн ашат;
Макулдашуунун 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн Келишим боюнча Сатуучу тарабынан керектелген электр энергиясынын көлөмү деп бир календардык кварталдын алкагында катары менен келген үч эсептешүү мезгилинин жыйынтыгы боюнча аныкталган чоңдук түшүнүлөт, анда тармактан алынган электр энергиясынын кварталдык көлөмү тармакка берилген электр энергиясынын кварталдык көлөмүнөн ашат;
же
- ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып ар бир календардык айдын жыйынтыгы боюнча:
Макулдашуу боюнча Сатуучу тарабынан берилген электр энергиясынын көлөмү деп эсептешүү мезгилинин жыйынтыгы боюнча аныкталган чоңдук түшүнүлөт, анда тармакка берилген электр энергиясынын жыйынды бир айлык көлөмү тармактан алынган электр энергиясынын жыйынды бир айлык көлөмүнөн ашат.
Макулдашуунун 2.3-пунктунда көрсөтүлгөн Келишим боюнча Сатуучу тарабынан керектелген электр энергиясынын көлөмү деп эсептешүү мезгилинин жыйынтыгы боюнча аныкталган чоңдук түшүнүлөт, анда тармактан алынган электр энергиясынын бир айлык көлөмү тармакка берилген электр энергиясынын бир айлык көлөмүнөн ашат.
4.5. Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттары Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы жана электр энергиясын эсепке алуу приборлоруна карата талаптарды регламенттеген башка ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш, алардын бардык электр чынжырчалары жана Тараптардын ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө пайдаланылган ЭКЭАМТ Сатып алуучунун өкүлү тарабынан жеке пломба орнотуу менен пломбаланууга тийиш.
4.6. Кошууда коммерциялык эсепке алуунун эсептешүү каражаттарынын бузуктугу аныкталган учурда, Тараптардын ортосунда берилген электр энергиясынын саны эки тараптуу акт түзүү менен эсептешүү жолу аркылуу аныкталат.
5. ЭСЕПТЕШҮҮЛӨРДҮН ТАРТИБИ
5.1. Берилүүчү ЭКБ-электр энергиясына тариф (баа) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу менен белгиленет жана Макулдашуу түзүлгөн датага карата 4,42 сом/кВтс түзөт (күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн 13 өлчөмүндө жогорулатуучу коэффициентти колдонуу менен 3,40 сом/кВтс (салыктарды эсепке албаганда) өлчөмүндө тариф) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра каралууга тийиш.
5.2. Өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсептешүү мезгили болуп бир календардык квартал саналат.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсептешүү мезгили болуп бир календардык ай белгилениши мүмкүн.
5.3. Макулдашуунун 4.3. жана 4.4-пункттарына ылайык Сатуучу тарабынан Берүү түйүнүнө берилген электр энергиясынын көлөмүн жана Сатуучу тарабынан эсептешүү мезгилде электр энергиясын керектөө көлөмүн аныктагандан кийин Сатып алуучу Тараптардын баланстык таандыктыгын бөлүү чегинде орнотулган электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу каражаттарынын көрсөткүчтөрүн алган датадан тарып 5 календардык күндүн ичинде, эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, ар бир календардык квартал/жыл аяктаганга чейин төлөнүүгө тийиш болгон электр энергиясынын көлөмүн, анын наркын (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тариф боюнча аныкталган жана кийинки Эсептешүү мезгилдеринде (кварталдарда, айларда) сальдолоштурууга тийиш болушу мүмкүн болгон карыздын суммасын) көрсөтүү менен белгиленген үлгүдөгү төлөм документин (эсеп-электрондук тиркеме) тариздейт жана Сатуучуга жиберет.
Төлөнүүгө тийиш болгон акыркы сумма жалпысынан ушул Макулдашууну эске алуу менен _____________ № __________ Келишим боюнча Тараптардын өз ара карыздарынын суммаларынын сальдолоштурулган чоңдугу катары календардык кварталдын/айдын/жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
5.4. Төлөм Тараптардын макулдашуусу боюнча Макулдашуунун Тараптарынын реквизиттери бөлүмүндө көрсөтүлгөн Сатуучунун алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен же болбосо 5.2. жана 5.3-пункттардын шарттарын эске алуу менен кийинки эсептешүү мезгилинде (мезгилдеринде) Тараптардын карыздарын андан ары сальдолоштуруу жолу менен жүргүзүлөт.
5.5. Эсептешүүлөрдө кандайдыр бир техникалык каталар аныкталган жана эсептешүү мезгили үчүн төлөм документине оңдоолорду киргизүү зарыл болгон учурда, алар 5.2-пунктка ылайык кийинки эсептешүү мезгилинде киргизилет.
5.6. ЭКБ пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди киргизүүдө же өзгөртүүдө Сатып алуучу мындай ЭКБ-электр энергиясын мыйзамдарда каралган тартипте күчүнө кирген күндөн тартып жаңы бекитилген ЭКБ-электр энергиясынын тарифи боюнча төлөйт.
5.7. Тараптардын кимисинин болбосун талабы боюнча ар бир календардык жыл аяктагандан кийин Тараптар Өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысына кол коёт.
6. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
6.1. Макулдашуунун Тараптары өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ушул Макулдашуунун шарттарына жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
6.2. Сатып алуучу тарабынан берилген электр энергиясын төлөө мөөнөтүн бузгандыгы үчүн Сатып алуучу Сатуучуга мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн мөөнөтү өткөн сумманын 0,1%ы өлчөмүндө туум төлөйт. Туумдун жалпы суммасы мөөнөтү өткөн сумманын 5%ынан ашпоого тийиш.
6.3. Тараптар, эгерде табигый кырсыктар (жер титирөө, метеориттин кулашы, бороон, чагылган, өрт, суу ташкыны, кар күрткүсү ж.б.), мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү, коомдук тартипсиздиктер, иш таштоолор, согуш аракеттери, террористтик актылар, ошондой эле Тараптардын акылга сыярлык контролдоо чөйрөсүнөн тышкары болгон башка кандай болбосун жагдайлар сыяктуу ал жеткис күчтөрдүн натыйжасы болуп эсептелсе, бул жагдайлар ушул Макулдашуунун аткарылышына түздөн-түз таасир эткен шартта ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
6.4. Ал жеткис күчтүн жагдайларына таянган Тарап үч күндүк мөөнөттө мындай жагдайлардын келип чыгышы жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Тараптардын кимисинин болбосун талабы боюнча бул учурда өз ара милдеттенмелерди андан ары аткаруу мүмкүнчүлүгүн аныктаган комиссия түзүлүшү мүмкүн.
7. МАКУЛДАШУУНУН КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ
7.1. Ушул Макулдашуу Тараптар кол койгон датадан тартып күчүнө кирет жана электр энергиясын берүү бөлүгүндө Тараптардын бири экинчи Тарапка Макулдашууну бузуу жөнүндө билдирүү жөнөткөн датадан тартып 30 календардык күндөн эрте эмес келген датага чейин, ал эми өз ара эсептешүүлөр бөлүгүндө - алар толук аяктаганга чейин колдонулат.
7.2. Ушул Макулдашуу боюнча Тараптардын милдеттенмелерин аткаруу 20_________-жылдын _____________________ тартып, бирок Тараптар микрогенерация объектин технологиялык кошуу жөнүндө документтерди тариздеген датадан эрте эмес башталат.
8. БАШКА ШАРТТАР
8.1. Ушул Макулдашуудан келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралууга тийиш.
8.2. Сатуучунун кабарлоолорду жана башка юридикалык мааниге ээ билдирүүлөрдү жөнөтүүсү жана аларды Сатуучудан алуу үчүн Сатып алуучунун реквизиттеринде көрсөтүлгөн Сатып алуучунун электрондук почта дареги жана телефон номери колдонулат.
8.3. Ушул Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 2 нускада, ар бир Тарап үчүн бирден түзүлдү жана бүткүл колдонуу мөөнөтүнүн ичинде _____________ № __________ Тиричилик керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен жабдууга типтүү келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
9. ТИРКЕМЕЛЕР
"Микрогенерация объектин технологиялык кошууга техникалык шарттар" 1-тиркемеси (_____________ № __________ Тиричилик керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен жабдууга типтүү контракт боюнча микрогенерация объектинин кубаттуулугу электр энергиясын керектөөнүн уруксат берилген кубаттуулугунан ашкан учурда) же Сатып алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген ЭКБ орнотмосун кошуу шарттары боюнча жазма буйрук.
10. ТАРАПТАРДЫН РЕКВИЗИТТЕРИ
Сатуучу | Сатып алуучу". |
|