Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-февралы № 126
2025-жылдын 6-мартында Ханой шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылдын 6-мартында Ханой шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Вьетнам Социалисттик Республикасына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |