Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
12-сессиясы
2025-жылдын 5-декабры № 129
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
Жайыт жерлерин башкаруу чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик базаны өркүндөтүү жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, Чоң-Алыш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IХ -чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл аймагынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5-жылдык иш планы бекитилсин жана 35 000 долларды түзгөн ПУРПС-АДАПТ проекти жазууга уруксат берилсин.
2. Токтом менен иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Б. Кашкаралиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |