Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-марты № 144
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 566 «Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 566 «Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункт «мунайды жана мунайзаттарды» деген сөздөрдөн кийин «, 2026-жылдын 31-декабрына чейин Кытай Эл Республикасынан кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу ташып келинген автомобиль бензинин (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2710 12 411 0 – 2710 12 419 0, 2710 12 450 0 – 2710 12 590 0) жана дизель отунун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2710 19 421 0 – 2710 19 429 0, 2710 19 460 0 – 2710 19 480 0) кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 3-мартынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |