КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 25-ноябры № 9/74
Сокулук өнүктүрүү фондунун долбоорун бекитүү жана каражат бөлүү жөнүндө
Сокулук өнүктүрүү фондуна катышуу жана «Исмаил айылындагы Ч.Байсалбекова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жылуулук системасын оңдоо, чатырын алмаштыруу жана электромонтаждык иштерин жүргүзүү” долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2026-жылга Сокулук өнүктүрүү фондунун бюджетинин долбоору 2 274 840 (эки миллион эки жүз жетимиш төрт миң сегиз жүз кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин;
- Өздүк салымы 682452 (алты жүз сексен эки миң төрт жүз элүү эки) сом өлчөмүндө бекитилсин;
- 2026-жылга Сокулук өнүктүрүү фондунун долбоорун даярдоого жана ишке ашыруу үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы акча каражатын бөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын;
- Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага Ж.Ж. Султанбеков