Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 47
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповдун Орозов Алишер Мирлановичке таандык Гавриловка айылынын, Фрунзе №58а жайгашкан 1909,65 м2 жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозов Алишер Мирлановичке таандык Гавриловка айылынын, Фрунзе №58а көчөсүндө жайгашкан 1909,65 м2 жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүүгө уруксаат берилсин.
2. Орозов Алишер Мирланович документтерин Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |