Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 46
Калктуу конуштарда зоналык коэффициентин белгилөө жөнүндө
2022-жылдын 18-январындагы №3 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-беренесинин 2-пунктуна, 404-беренесинин 4-пунктуна жана Гавриловка айыл өкмөтүнүн сунушуна ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынын аймагында зоналык коэффициентинин Кз мааниси төмөндөгүчө белгиленсин:
· калктуу конуштун жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлер үчүн 2,0 өлчөмүндө.
· имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн 2,0 өлчөмүндө.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |