Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 45
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерин жана 76-беренесинин 2- жана 3-бөлүктөрүнө ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.
2. Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир катталган кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |