Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 43
Мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 37-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагынын аймагында 2023-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү салыктар колдонууга киргизилсин:
1) Турак жай имаратына жана жайына мүлк салыгы.
2) Турак жай эмес имаратка, курулмага жана жайга мүлк салыгы.
3) Үйдүн жанындагы, короо жанындагы жана багбанчылык-огороддук жер участогуна мүлк салыгы.
4) Айыл чарба жерлерине тиешелүү жер участогуна мүлк салыгы.
5) Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгы.
6) Транспорт каражатына мүлк салыгы.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |