Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 41
Гавриловка айыл өкмөтүнүн Гавриловка айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежесин бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тилебек уулу Эмилбектин Гавриловка айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежесин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежесин 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тилебек уулу Эмилбекке жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |
Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы №41 токтому менен бекитилди №1 тиркеме |
Гавриловка айылдык аймагынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежеси
I. Жалпы жоболор
1. Гавриловка айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнундө кодексине, ”Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, ” Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Гавриловка айыл өкмөтү ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү учун жоопкерчиликтүү болушат.
4. Гавриловка айыл өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
2. Негизги тушунуктор жана терминдер
5. Ушул Жободо төмөнкудөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчун жагымдуу шарттарды тузууну камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
КТТК чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди тогулгон таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;
Газон - жасалма жол менен тузулгон чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, уй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;
Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
Ири коломдуу таштандылар - керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мумкун болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);
Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;
Уруксат берилбеген жергс ташталган таштандылар - чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо,
Парк - эс алууга жана көңүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат көрсөтүүчү) - катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.
Курчап турган айланадагы aймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;
Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда тузулгон келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;
Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;
Аймакты санитардык жактан тазалоо - аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;
Кочодогу таштандылар - жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (кочо таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый осүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.
Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары - КТТК) - адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдун тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарлары жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардьш калдыктары.
3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
6. Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) жергиликтүү өз алдьшча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
7. Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет,
8. Шаардын, айыл аймагынын жерлеринде КТТКны томонку фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:
1) Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетуучу калдыктар;
2) Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;
3) Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.
9. Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө болуштуруп иргейт.
10. Тургундар кварталдын/айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
11. Кызмат көрсөтүүчү өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тургундарды кайра иштетүүчү калдыктарды сорттоп салуу үчүн мүшөктөр менен камсыздайт.
12. Абонент кайра иштетилүүчү калдыктарды иргөө/сорттоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин адилеттүүлүк менен аткарган учурда, кызмат көрсөтүүчү андай кардар учун тарифтик бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.
13. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге чогултат.
14. Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
15. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар
жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет,
16. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
17. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары - кызмат корсотуучуго;
- ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча — ведомстволордо, мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот;
18. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
19. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
20. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
21. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
22. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, кварталдык комитеттер жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
23. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
24. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
25. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикальж жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
26. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
27. Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен тузулгон келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.
28. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы учун жоопкерчилик тартат.
29. Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
30. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикальж жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
31. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бакдарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзегө ашырылат.
32. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
33. Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
34. Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
35. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
36. Коңшу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
37. Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
38. Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
39. Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
40. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
41. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
4. Санитардык тейлөө жана aймакты тазалоону уюштуруу
42. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
43. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды кун сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
44. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
45. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
46. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
- узундугу боюнча имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;
- туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратга жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой;
47. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчилик чөйрөлөрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
48. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
49. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылат.
50. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркөлөр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
51. Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имарттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.
52. Көп кабаттуу үйлөрдүн чектеш аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
53. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтөп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.
5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
54. Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттөрүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
55. Гавриловка айыл аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
56. Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.
57. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
58. Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригацияльж жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багытгагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
6. Жашылдандыруу
59. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
- бак-дарактарды отургузуу,
- бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер — жер кыртьшын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чөптөрдү тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту суйуучу өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү; куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
- газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
- скверлерди жана бакчаларды тосуу;
- шаар, айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелуу жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
60. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- Жалпы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил бактарда, көчөлөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган тиешелүү кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
- турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
- уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
61. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
62. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртең менен саат 8.00 - 9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00 - 19.00дөн кийин жүргүзлөт.
63. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.
64. Таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
65. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. көрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин болуп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
66. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
67. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
68. Гавриловка айыл аймагында жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
69. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет; жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
- иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
- жашыл зоналарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;
- жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;
- жайында жана кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бакдарактарды жана бадалдарды сугаруу;
- газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;
- жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш;
- багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;
70. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
- жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
- тиешелуу кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирууге;
- бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды төгүүчү жайларды уюштурууга;
- калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүүгө;
- жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө чогултуу, компост салуу үчүн атайын бөлүнгөн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
- от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
- бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
- дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирууго;
- белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө;
- газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотууга;
- гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
71. Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгөи тийиш.
7. Тышкы жарыктандыруу
72. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө Гавриловка айыл өкмөтү тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлөт.
73. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы N2 155 токтому менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.
74. Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.
75. Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
76. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементгери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
77. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементгерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
78. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылат.
8. Эрежелерди бузгандыгы учун юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
79. Ушул эрежелерди бузгандыгы учун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
80. Бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
81. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ьлайык жоопкерчилик тартат.
82. Юридикалык жана жеке жактар көп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
83. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чараларын көрөт.
84. Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.