Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-декабры № 87/11-9
Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Талас каржы башкармалыгынын 15.12.2025-жылдагы №01-6-152 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 11.04.2025-жылдагы №38/6-9 сандуу “Талас шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 2214 унаа чыгымдары беренесинен, шаардын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджети бекитилгенге чейин 1400,0 миң сомго кассалык чыгым кетип калганына карабастан план 1200,0 сом болуп аз бөлүнгөндүгү үчүн Талас шаарынын мэриясынын турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн 2511 субсидия беренесинен 200,0 миң сом азайтылып, Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын 2214 унаа чыгымдары беренеси 200,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |