Редакцияот 24.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 24-декабры № 88/11-9

 

Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферттен түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 17.12.2025-жылдагы №01-19/4854 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине кенже тейлөөчү персоналдык кызматтык маяналарына эселөө коэфиценттерин жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен 174,3 миң сом, жергиликтүү бюджетке түшпөй калган кирешелердин ордун толтурууга транспорт каражаттарынын мүлк салыгы боюнча 6000,0 миң сом жана Талас жылуулук камсыздоо ишканасы үчүн 17017,347 миң сом максаттуу трансферттен келип түшкөн акча каражаттары бекитилсин жана төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

–      Талас шаарынын мэриясынын кенже тейлөөчү персоналдык кызматтык маяналары үчүн 108,3 миң сом, маданият бөлүмүнө 26,4 мин сом, Талас шаардык көркөм сүрөт музейине 39,6 миң сом айлык акы жана соцфонд төлөмдөрү үчүн бардыгы 174,3 миң сом;

–      Талас жылуулук камсыздоо ишканасы үчүн 17017, 347 миң сом субсидия;

–      Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн суу, электр энергиясы жана жылуулук төлөмдөрү үчүн жалпы 5 160,0 миң сом;

–      Борбордук аянтка орнотулган жарыктандыруу жабдууларын долборлоо үчүн, Талас шаарынын мэриясынын 2215 ар кандай беренесине 390,0 миң сом;

–      Талас шаарынын спорттук мектебинин (Газпром) экинчи кабатында жайгашкан күрөш жана салмак боюнча залдын ортосун бөлүү үчүн, Талас шаарынын мэриясынын турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүнүн 2511 беренесине 450,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалиев М.Ж.) жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, өз убагында каржылоо милдеттендирилсин.

3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” турукту комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков