Редакцияот 24.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 24-декабры № 89/11-9

 

Талас шаарынын О.Шамбетов көчөсүнүн чыгыш тарабына мерчемделип жаткан “Баластан” ири соода-көнүл ачуу борборунун курулушуна макулдук жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 25.03.2025-жылдагы №204-т Тескемеси жана “2025-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Талас облусун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 17.12.2025-жылдагы №01-19/4912 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаарынын О.Шамбетов көчөсүнүн чыгыш тарабына мерчемделип жаткан “Баластан” ири соода-көнүл ачуу борборунун курулушуна макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков