Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-декабры № 90/11-9
Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо жана өздүк салымын
жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 сандуу токтому менен бекитилген “Үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобосунун 3-пунктунун 21-пунктчасына ылайык, Талас шаарынын мэриясынын 18.12.2025-жылдын №01-19/4976 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколунун жана корутундусунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык К.Конурбаев атындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборуна женил конструкция менен бий залын курууга 5000,0 миң сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 1000,0 миң сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
2. Бала бакчага ылайыкташтырылып, ондоп-түзөөдөн өткөрүлгөн (“Кербен Палас” мейманкана) имараттын сырткы жасалгалоо жана абаттоо жумуштарына 5000,0 миң сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 1000,0 миң сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
3. Талас шаардык А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин сырткы жасалгалоо жумуштарына 5000,0 миң сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 1000,0 миңсомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
4. Талас шаарындагы С.Абдуллаев атындагы №6 орто мектебинин ондоп-түзөө жана абаттоо жумуштарына 5000,0 миң сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 1000,0 миң сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
5. Талас шаарындагы №9 “Буратино” бала бакчасынын сырткы жасалгалоо жумуштарына 3600, 0 миң сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 720,0 миң сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
6. Тынчтык конушундагы бала бакчанын капиталдык ондоп-түзөө жумуштарына 4000,0 миң сом анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 800,0 миңсомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
7. Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин (бокс) имаратын капиталдык оңдоп-түзөө үчүн 2000,0 миң сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 400,0 миң сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
8. Талас шаарындагы Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинин сырткы фасадын жасоо үчүн 3600,0 миң сом, анын 20 пайыздык өздүк салымы үчүн 720,0 миңге эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
9. Талас шаарынын Ч.Айтматов жана И.Сарыгулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык жер тилкесине 2 кабаттуу имарат (соцобьект) куруу үчүн жалпы 10000, 0 миң сом, 50 пайыз өздүк салымы үчүн 5000,0 миң сомго эсептелген акча каражаты Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралып берилсин.
10. Талас шаардык кенешинин 24.11.2025-жылдагы №70/10-9 сандуу “Үлүштүк дем берүүчү долбоорлорду тандоо жана өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
11. Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
12. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |