Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 39
Гавриловка айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки балдар мекемелеринин тамактануусуна ата-энелердин төлөмүн бекитүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Б.Карымшакованын 2022-жылдын апрель айынан баштап тамак-аш азыктарынын кымбаттап кеткенине байланыштуу жана ошондой эле, №13 балдар бакчасы, «Айданек» балдар бакчасы жана «Шалта-Келечеги» балдар бакчасынын ата-энелер менен өткөн чогулушунун протоколдорунун негизинде Гавриловка айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамактануу үчүн, ата-энелердин төлөмүн бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки балдар мекемелеринде бир баланын бир күндүк тамак-ашы үчүн ата-энелердин төлөмүн 100 сомдон, анын ичинен 10 сомдон №13 балдар бакчасына, 15 сомдон «Айданек» балдар бакчасы жана «Шалта-Келечеги» балдар бакчасынын муктаждыктарына керектелсин. Гавриловка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тамак-аш азыктарына 18 сомдон 2022-жылдын 1-ноябрынан баштап бөлүнүп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |