Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 38
2022-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги менен биргеликте 2022-жылдын 17-ноябрында бекитилген №383-НИ, №124 буйругуна ылайык жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 02-декабрындагы №359-Т “2022-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин малдын жана үй канаттууларынын бир жолку эсебин жүргүзүү жөнүндө” тескемесин аткаруу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал жана үй канаттууларын эсепке алуу үчүн тартылган кызматкерлерге 25 сомдон эмгек акы ар бир короо-сарайы үчүн төлөнүп берүү, автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана иш жүзүндөгү чыгымдарды төлөп берүү үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 74600 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова акча каражатын издесин.
3. Тартылган жумушчулардын негизги жумуш орду боюнча эмгек акысы же убактылуу иштебегендердин жумушсуздук боюнча алган жөлөкпулу сакталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |