Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-декабры № 94/11-9
Талас шаарынын О.Турдалиев көчөсү №161 дарегинде жайгашкан 690,82 чарчы метр жана О.Турдалиев көчөсү №163 дарегинде жайгашкан 880,63 чарчы метр жер тилкелерин Ж-3 аймагынан Ц-1 аймагына которууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 09.04.2025-жылдагы №01-19/3280 сандуу катынын жана Талас шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын корутундусунун, Талас шаарынын мэриясынын 25.09.2025-жылдагы коомдук угуу өткөрүү боюнча чогулушунун протоколунун негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын О.Турдалиев көчөсү №161 дарегинде жайгашкан 690,82 чарчы метр жана О.Турдалиев көчөсү №163 дарегинде жайгашкан 880,63 чарчы метр жер тилкелерин Ж-3 аймагынан Ц-1 аймагына которууга мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Турсалиев У.К.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |