Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-сентябры № 34
Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылдагы пландан ашыкча каражат түшүүсү жөнүндө
2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча «Алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйым» 225,0 миң сом жана “Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди сатуу” түрлөрү 884,0 миң сом суммасында боюнча пландан ашыкча каражат түшкөн. Бул сумманын сметасын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кат жөнөтүлгөн, ал эми оң чечим кабыл алынган учурда Финансы министрлиги тарабынан Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылы пландан ашыкча түшкөн кирешелер айылдарга көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн жөнөтүлсүн.
2. Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 3111 “Имараттар жана курулмалар” беренеси +1109,0 миң сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |