КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 9-отуруму
2025-жылдын 25-ноябры № 9/76
Чүй өнүктүрүү фондунун долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Чүй өнүктүрүү фондунун долбооруна катышуу жана «Чоң-Жар айылындагы Н. Рахманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин өрт сигнализациясын орнотуу жана электромонтаждык иштерин жүргүзүү» долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2026-жылга Чүй өнүктүрүү фондунун бюджетинин долбоору1 505 569 (бир миллион беш жүз беш миң беш жүз алтымыш тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин;
- Өздүк салымы 451 670 (төрт жүз элүү бир миң алты жүз жетимиш) сом өлчөмүндө бекитилсин;
- 2026-жылга Чүй өнүктүрүү фондунун долбоорун даярдоого жана ишке ашыруу үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы акча каражатын бөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын;
- Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык
кенештин төрагасы Ж.Ж. Султанбеков