Редакцияот 25.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 9-отуруму

 

2025-жылдын 25-ноябры № 9/77

 

Дем берүүчү гранттын долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө

 

 

    Дем берүүчү  гранттар долбооруна катышуу жана «Маловодное айылындагы Маловодное бала бакчасынын имаратынын чатырын жана терезе тешиктерин оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү» долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевдин  маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2026-жылга дем берүүчү гранттардын бюджетинин долбоору 6 791 874 (алты миллион жети жүз токсон бир миң сегиз жүз жетимиш төрт) сом өлчөмүндө бекитилсин;
  2. Өздүк салымы  2 037 562 (эки миллион  отуз жети миң беш жүз алтымыш эки) сом өлчөмүндө бекитилсин;
  3. 2026-жылга дем берүүчү гранттардын долбоорун даярдоого жана  ишке ашыруу үчүн  Күнтуу  айыл өкмөтүнүн башчысы акча каражатын бөлсүн;
  4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын;
  5. Ушул  токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө  калтырам.

 

 Айылдык кенештин төрагасы                                      Ж.Ж. Султанбеков