Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-сентябры № 32
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча М.М. Кашаповдун Дуйшалиев Рахат Рысбековичке таандык Романовка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү №38 дарегинде жайгашкан аянты 400,95 кв.м. турак-жай курулушундагы жер участогунун максаттуу багытын стоматология үчүн жер участогуна өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дуйшалиев Рахат Рысбековичке таандык Романовка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү №38 дарегинде жайгашкан аянты 400,95 кв.м. турак-жай курулушундагы жер участогунун максаттуу багытын стоматология үчүн жер участогуна өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Дуйшалиев Рахат Рысбекович документтерин Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Д. Касымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |